АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы кезектеги 3-сессиясы
2021-жылдын 18 - октябры № 7
“Ижарага теректерди алып жүргөн И.Сандыбаевдин кайрылуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылдын 18-октябрындагы кезектеги 3- сессиясы Маданият айылынын тургуну И.Сандыбаевдин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын жараны И.Сандыбаевге ижарага берилген теректердин жетилген теректерин суюлтуп кесүүгө макулдук берилсин.
2. И.Сандыбаев КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгынан жетилген теректерди кесип , суюлтууга макулдук суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясынын төрагасы А.Коккозовго жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |