Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 9 - сентябры № 31/6-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 13.07. 2021-жылдагы №15/4-8 “2020- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 07.09.2021-жылдагы №01-21/1466 сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №4 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 13.07. 2021-жылдагы №15/4-8 сандуу “2020 - жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1 - пункттун 3-пунктчасындагы “Талас шаарындагы борбордук паркты реконструкциялоо жумуштарынын кредитордук карыздарын төлөө үчүн” деген сөздөр “Талас шаарындагы борбордук паркты реконструкциялоо жумуштарына” деген сөздөргө алмаштырылсын жана 1280,2 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- 1- пункттун 9-пунктчасындагы “лизинг аркылуу атайын техникаларды сатып алууда 30 пайыз өздүк салымы үчүн” деген сөздөрдү “атайын техникаларды сатып алуу үчүн” деген сөздөргө алмаштырылсын жана 5700,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалив.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, тез арада каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Э.Аскаров) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жусупбеков |