Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы кезексиз 2-сессиясы
2021-жылдын 26 - августу № 2
“Сулайманов Сагыналынын кайрылуусу жөнүндө”
Акназаров айылдык кеңешинин 32-чакырылыштагы депутаттарынын 2021-жылдын 26-августундагы кезексиз 2-сессиясы, Акназаров айылдык аймагынын Маданият айылынын Казак көчөсүнүн №12 турак үйдүн жашоочусу Сулайманов Сагыналынын кайрылуусун карап , талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын Маданият айылынын Казак көчөсүнүн тургуну Сулайманов Сагыналынын кайрылуусу жактырылсын.
2. Маданият айылынын Казак көчөсүнүн №12 турак үйдүн жашоочусу Сулайманов Сагыналынын өзүнө тиешелүү болгон турак жай куруу үчүн берилген жер аянтынан 3,5 сотых жер аянты Акназаров айыл аймагынын муниципалдык менчигине алынсын.
3. Сулайманов Сагыналыдан муниципалдык менчикке алынган 3,5 сотых жер аянты мечит салуу үчүн бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Жорготаев |