КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 5-сессиясы
2021-жылдын 26 - августу № 1
Акча каражаты жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бюджетинен тышкары 2021-жылдын сентябрь айына карата бала бакчанын ачылып жаткандыгына байланыштуу ата-энелерден атайын каражаттар счетуна түшө турган төлөм 100000 (жүз миң)сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин ХХХХ-чакырылышынын 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинен тышкары 2021-жылдын сентябрь айына карата бала бакчанын ачылып жаткандыгына байланыштуу ата-энелерден атайын каражаттар счетуна түшө турган төлөм 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
Атайын каражаттар
2218 статьясынын-100 000(жүз миң ) сом тамак-аш чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Токонов |