КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 5-сессиясы
2021-жылдын 26 - августу № 2
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовдун кайрылуусу боюнча 31-август Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20000 (жыйырма миң)сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин ХХХХ-чакырылышынын 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинен Маданият бөлүмүнөн 2215 статьясынан-20 000(жыйырма миң ) сом акча каражаты Аппарат бөлүмүнө 2215 статьясына толуктоо киргизилип бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Токонов |