Редакцияот 15.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 6-сессиясы

2021-жылдын 15 - сентябры № 1

№6068 Кен-Арал участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтү тарабынан №6068 Кен-Арал участкалык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине толуктоо киргизүү боюнча сунуштаган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштардын протоколдорун карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №6068 Кен-Арал участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган төмөндөгү жарандар бекитилсин:

 

1. Торокулов БакытЭржанович

2. Ызак уулу Ислам

 

2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган маалыматтар жана талапкерлерди көрсөткөн чогулуштун протоколдору Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Токонов