Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXХ-чакырылышынын 7-сессиясы
2021-жылдын 8 - октябры № 2
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кең-Арал айыл аймагындагы УДТ №5 дарыгери Төрөкулова Гүлмиранын кайрылуусу боюнча УДТ №5 имаратына суу чыгаруу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Кең-Арал айылдык кеңешинин ХХХХ-чакырылышынын 7- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетиндеги Маданият бөлүмүнөн 2215 статьясынан-10 000(он миң ) сом акча каражатын Турак жай бөлүмүнө 2215 статьясына толуктоо киргизилип бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Токонов |