Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги(кезексиз) VI сессиясы

2021-жылдын 17 - ноябры № 6-3

Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-жылга,2023-жылга, 2024-жылга божомол планы жөнүндө

Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы А.Маматов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3-жылдык киреше бөлүгүнүн божомол планы менен айыл кеңешинин депутаттарына тааныштырып жана талкуулап Т.Балтагулов айылдык кеңеши кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 3-жылдык киреше бөлүгү

- 2022-жылга-12716100 (он эки миллион жети жүз он алты миң бир жүз)сом;

- 2023-жылга-12927100 (он эки миллион тогуз жүз жыйырма жети миң бир жүз)сом;

- 2024-жылга 13080100 (он үч миллион сексен миң бир жүз) сом божомол планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция,ишкердик иши жана тышкы байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн

 

3. Токтом www alabuka.kgвеб-сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы:

Э.Исманов