Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 27 - октябры № 1
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгу отчёту канаатандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет)
2. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетуу жагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Узакова жана Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, жайыт, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын 2021-жылдын 27-октябрындагы №1 токтомуна тиркеме. |
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын 9-ай ичинде аткарылган жумуштары боюнча
МААЛЫМАТ
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 35 кызматкер, анын ичинен 6 жооптуу кызматкер, 6 айдоочу, 7 жүктөөчү жумушчу, 2 кассир контролёр, 1 агроном-багбан, 1 багбан, 7 дворник, 2 электрик, 2 күзөтчү, 1 техничка эмгектенет.
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө “Лейлек –Тазалык” муниципалдык ишканасында 10 даана авто унаалары бар.
Алар:
№ | Техникалардын аталышы | Жылы | Мам-к номер | Техникалардын абалы | Корутунду |
1 | МТЗ-82/1 экскаватор | 2011 | 299 AS | Жарактуу |
|
2 | Газ-3309 мусоровоз | 2011 | 01-18AL | Жарактуу |
|
3 | Газ-53 самасвал | 1983 | 1721 Ош М | Жарактуу |
|
4 | МТЗ-82/1прицеп | 2008 | 8735 AS | Жарактуу |
|
5 | Зил поливалка | 1986 | 369*177 Х/О | Жарактуу |
|
6 | Газ -3309 Вакуум | 2007 | 01-17 AL | Жарактуу |
|
7 | ЮМЗ-6 погрузчик | 1981 | Б/н | Жараксыз |
|
8 | Газ-52 телоскопичиский | 1985 | 1624 Ош Л | Жарактуу |
|
9 | МАЗ самасвал | 1998 | I. 5220 S. | Жараксыз |
|
10 | Газ-3309 мусоровоз | 2020 | 482 АS | Жарактуу |
|
1. МТЗ -82/1 экскаватор бул да жарактуу абалда төрт дөңгөлөк алуу керек жана Нш-100 менен шлангасын, ошондой эле передогун жаңылоо керек .
2. Газ-3309 мусоровоз авто унаасы жарактуу абалда кээ бир жерлерине ремонт керектелет. Төрт даана дөңгөлөк, аккумулятор алуу керек жана моторун жаңылоо керек.
3. Газ-53 самосвал авто уунасы жарактуу абалда, бирок көп жерлерине ремонт керектелет. Эки дөңгөлөк, подъемный цилиндр алуу керек.
4. МТЗ-82/1 прицеп трактору жарактуу абалда, бирок дөңгөлөк алуу керек, прицептин тосмолорун жана боковый айнектерин жаңылоо керек .
5. Зил -130 поливалка авто уунасы жарактуу абалда. Төрт дөнгөлөк суу (водиной) насос, стартер, аккумулятор керектелет жана моторун жаңылоо керек.
6. Газ -3309 Вакуум авто уунасы жарактуу абалда, бирок мотордун головкасын оңдоо зарыл жана стартер, насос, аккумулятор алуу керек.
7. ЮМЗ-6 погрузчик трактору жараксыз абалда. Оӊдоого болбойт баланстан чыгарып, (списать) этүү керек.
8. МАЗ самосвал авто уунасы жараксыз абалда ондоого болбойт баланстан чыгарып (списать) этуу керек.
9. Газ-52 телескопический (Вышка) авто уунасы жарактуу абалда, эки даана дөңгөлөк керектелет жана моторун кайрадан жасоо керек.
10. Газ-3309 мусоровоз жарактуу абалда.
Жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себуу жана гүлдөрдү арчаларды сугаруу, Исфана шаар мэриясы тарабынан даярдап берген баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн, Исфана шаарына караштуу борбордогу айлантманы (Фонтан), түнкү жарыктардын трубаларын краскалоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле 2021-жылга 1243 жеке кожолуктар менен келишим түзүлгөн, мындан сырткары 38 мекеме уюмдар жана коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүп, белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып, күнүнө 3-4 рейс, кээ бир убакыта 5 рейс таштандылар алынып чыгууда. Ошондой эле 2020-жылы 1-,2-,3- кварталга, 2021-жыл 1-,2-,3- кварталга түшкөн кирешеси:
Салыштырмалуу таблица
2021 жыл 9-айга
№ | Аталышы | 2020-жыл | 2021-жыл | Айырмасы
| %
| Корутунду
|
1 | Мекеме ишканалардан | 154314 | 56322 | 97992 | -38,7 |
|
2 | Кожолуктардан | 450232 | 415960 | 34272 | -92,3 |
|
3 | Исфана шаар мэриясынан |
| 1042440 |
|
|
|
4 | Коммерциялык түйүндөр | 86941 | 172010 | 85069 | 197,8 |
|
| Жалпысы: | 691487 | 1686732 | 995245 | 243,9 |
|
Ал эми 9 ай ичинде:
№ | Аталышы | Суммасы |
1 | Эмгек маянага | 3 157 213 |
2 | Соц фонд | 483 236 |
3 | Киреше салыгы | 155 944 |
4 | Күйүүчү, майлоочу майларга | 974 000 |
5 | Тамак ашка | 84 300 |
6 | Электр энергияга | 402 672 |
7 | Иш сапарына | 45 740 |
8 | Авто тетиктерине | 30 000 |
9 | Чарба буюмдарына | 18 200 |
акча каражаты жумшалган.
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы 2021-жылдын 9 ай ичинде Исфана шаар мэриясынан жана башка мекеме ишканалардан, ошондой эле чыгаша каттар, баары болуп 96 арыз кат катталган
2021-жылдын 9 ай ичинде «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкү жумуштарды аткарды :
Кыш мезгилинде Исфана шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап, тайгак болгон убактарда жол копсуздугун сактоо максатында, өз убагында шлак жана туз материалдарын себилип турду. Январь, февраль айларында 2 тонна шлак , 800 кг туз төмөнкү көчөлөргө себилди: Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдыгы, Восточная, К. Кундузов, Тоголок - Молдо жана Э. Эгембердиев. Көчөлөргө себилген туз менен шлак материалдарына 8 200 сом акча каражаты жумшалган.
Ошондой эле айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында шаарды жашылдандыруу үчүн Исфана шаар мэриясына караштуу “Самат” атындагы эс алуу паркына «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан парниктерге гүлдүн уруктары өндүрүлүп, көчөттөрүн парктарга жана борбордогу аянтчага, жалпысы 3500 даана гүл эгилди. Шаар ичине 16 даана арча көчөтү отургузулду. Ошондой эле «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан “Самат” эс алуучу паркындагы чөптөр орулуп, таштандылары тазаланып, 22 рейс таштанды алып чыгышкан. Ал эми ишенби, жекшемби күндөрү арчаларга, гүлдөргө суулар койулуп турат.
2021-жылдын 9 ай ичинде чыгарылган таштандылар январь айы ичи 126 рейс, февраль 116 рейс, март 143 рейс, апрель 144 рейс, май 132 рейс, июнь 171 рейс , июль 106 рейс, авуст 116 рейс, сентябрь 112 рейс таштанды чыгарылган жана мектептерден, балдар бакчаларынан каттуу жана суюук таштандылар, жалпысы болуп ТБО -1166 рейс (3 498тона) ЖБО-212 рейс (742 тона). Зил авто унасы шаардын борбор көчөлөрүнө эрте менен жолду тазалоо үчүн 460 рейс (2990 тона) суу себилген жана МТЗ 82/1 экскаватор 629 саат, Газ-52 вышка 548 саат жумуш аткарган. Зил-130 авто уунасы күнүнө эрте менен 3,4 рейс борбор көчөлөрүнө суу себип чыгууда. Унааларга кеткен күйүүчү майлар Дт(салярка)-11980 литр , Аи 92 (бензин) -7490 литр сарпталган.
Исфана шаарынын көчөлөрү, айылдары түнкү жарыктар менен камсыздалып, ошондой эле Лейлек базарынын түнкү жарыктарынын зымдары алмаштырылып ордуна 1200 метр зымдар тартылып жумушка киргизилди. Исфана шаар мэриясынын каржылоосунун негизинде Исфана шаарына караштуу борбордук аянтындагы боз үйдүн макети жана И.Раззаковтун трибунасы, түнкү жарыктардын темир трубалары ак жана кызыл краскалар менен краскаланды .
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучусу: |
З. Узакова |