Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)

2021-жылдын 27 - октябры № 2

“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту

Исфана шаар мэриясынын “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчёту канаатандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет)

 

2. Көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетуу жагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Каримовго жана Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Т. Сапаев

 

 

Исфана  шаардык кеңешинин VI чакырылышынын

кезектеги VII сессиясынын 2021-жылдын

27-октябрындагы №2 токтомуна тиркеме.

 

Исфана шаар мэриясына караштуу “Исфана-таза суу” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин тогуз айда аткарган иштери боюнча

МААЛЫМАТ

 

  “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө жалпысынан 23 кызматкер эмгектенишет. Анын ичинен 5 административдик жооптуу кызматкер, 4 кассир- контролёр, 2 техник-түзөтүүчү, 2 суу буруучу, 1 электрик, 5 күзөтчү, 1 тракторист, 1 чарбалык иштер боюнча адис жана 1 тех кызматкер.  “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы Исфана шаар мэриясына караштуу тийиштүү айылдарды жана Исфана шаарындагы мекеме-уюмдарды, мектеп жана бала бакчаларды таза суу менен камсыз кылып келүүдө.

  2021-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасына Исфана шаарынын тургундарынан келип түшкөн жазуу түрүндөгү арыздардын саны 65 арыз катталган болсо, баардык арыздарга өз мөөнөтүндө аткарылып  жооп берилди.

  2021-жылга Минфинден бекитилип берилген бир жылдык бюджетибиз 5 760 252(беш миллион жети жүз алтымыш миң эки жүз элүү эки) сом, андан 9 ай ичинде элден түшкөн төлөнүүчү төлөмдөр 1 812 508(бир миллион сегиз жүз он эки мин беш жүз сегиз) сом, коммерциялык уюмдардан 108 675(бир жүз сегиз мин алты жүз жетимиш беш)сом, бюджет мекеме ишканалардан 1 099 426(бир миллион токсон тогуз миң төрт жүз жыйырма алты)сом. Жалпы сумма 3 020 609(үч миллион жыйырма миң алты жүз тогуз) сомду түздү.

   Эмгек акысына, соц.фондго, салыктарга, коммуналдык иштерге, транспорттук пайдаланууга, админстративдик иштерге жана ондоп түзөө иштерине жалпысынан 2 883 117(эки миллион сегиз жүз сексен үч миң бир жүз он жети)сом чыгымдалды.

 

Январь айында аткарылган жумуштар.

 

1. “Наристе” балдар бакчасынын суу түтүгү тоңуп калгандыгына байланыштуу, 20 метр шланга алынып, башка жерден суу түтүгү уланып берилди, 560 сом акча каражаты сарпталды.

2. “Токтогул” орто мектебинин алдындагы авто жолдун арыктарына суу тоңуп, асфальтка ашып кеткендигинен ДЭУ – 13 ишканасы менен биргеликте тазалоо иштери жүргүзүлүп, 15 литр бензин, 15 литр солярка иштетилди.

3. Бөзөгулгө кеткен чоң 200 мм трубалар тоңуп калгандыгынан,  суу түтүгүнүн тоңуп калган жерин эритип, суу чыгарылды. 20 литр бензин, 900 сом акча каражаты сарпталды.

4. Ушул айдын ичинде жашоочулар жана суу пайдалануучулар менен пайдаланган ичимдик таза суу үчүн келишимдерди түзүү  иштери жүргүзүлдү.

5. Катуу суук болгондугуна байланыштуу Ак-Чыйыр балдар жатак интернатынын суусу тонуп калгандыгынан 4 күн жумуш убагынын ичинде иштеп, ичимдик таза суу чыгарылып берилди. 15 литр солярка, 500 сом акча каражаты сарпталды.

6. Башкы мечиттин суу түтүгү тоңуп калгандыгына байланыштуу, кыска мөөнөттүн ичинде ремонт иштери жүргүзүлүп, ичимдик суу чыгарылып берилди.

7. МКР 1деги, Стадиондогу скважиналарга ЛРЭСтин талабы боюнча  жаңы заманбап счётчиктер орнотулду. Ар бир счётчик 3200 сомдон болуп, 2 даанага 6400 сом акча каражаты сарпталды.

8. ЕБРР банкы тарабынан каржыланган долбоордун  иш кагаздары даярдалып жөнөтүлдү.

Февраль айында аткарылган жумуштар.

1. Шаардагы коммерциялык ишканалардын суу түтүктөрү тоңуп калгандыгына байланыштуу, бардыгына жардам уюштурулуп, суу түтүктөрүнөн суу чыгарылып берилди.

2. Жаштык көчөсүнүн суу түтүгүнө оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлүп,  600 сом акча каражаты сарпталды.

3. 48 кесиптик лицейдин суу түтүгүнө оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлүп, 400 сом акча каражаты сарпталды.

4. Исфана Аэропорттун суу түтүгүнө оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлүп,  20 метр шланг, тракторго 15 литр солярка, жалпы 1050 сом акча каражаты сарпталды.

5. Колхоз көчөсүндөгү колодецтин капкагы уурдалгандыгына байланыштуу, кайра сатып алынды. 2000 сом акча каражаты сарпталды.

6. Жаңы Конуштун суу түтүгүнө оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлүп, 200 сом акча каражаты сарпталды.

7. Тегирменти суунун башын ондоп, тазалоо иштери жүргүзүлдү.  15 литр бензин, салафан 5 метр-80 сом, темир щётка-50 сом, хомут- 500 сом, бардыгы болуп 1629 сом акча каражаты сарпталды.

8. Голбо – Исфана задвижкасы бузулгандыгына байланыштуу, оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлдү- D- 300 мм. 1100 сом акча каражаты сарпталды.

9. Тегирменти-Исфана суу трубасы тешилгендигине байланыштуу, 300 сомго хомут алынып ондолду.

10. Алаканшар участкасында 100мм азбес труба тешилгендигине байланыштуу, оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлүп, 250сом акча каражаты сарпталды.

11. Тегирменти суу башында оңдоо-туздөө иштери жүргүзүлүп, 500 сом акча каражаты сарпталды.  

 

Март айында аткарылган жумуштар.

1. Кошмуратов көчөсү менен Манас көчөсүнүн кесилишиндеги суу түтүгү тешилгенлигине байланыштуу, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү. 20 мм полиэтилен шланга жана керектуу нерселер алынды. 270 сом акча каражаты сарпталды.

2. Жаны Конуш айылындагы суу түтүгүнүн сайдан өткөн жериндеги темир трубалар тоңуп, тешилгендигине байланыштуу, кайрадан оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлүп, 700 сом акча каражаты сарпталды.

3. Квартал ичинде, сууну дезинфекциялоо иштери СЭС менен биргеликте аткарылды.

4. Жаны – Абад көчөсүндөгү суу түтүгү  тешилгендигине байланыштуу, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлүп, 270 сом акча каражаты сарпталды.

5. Тегирменти-Исфана суу түтүгүнүн суу башында оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү.

6. Исфана шаар  аймагында өткөрүлгөн аскердик машыгууларга даярдык көрүлдү. Суу кампаларына түнкү жарыктар тартылды. Мешок -720 сомго, кум-600 сомго, лампочка-1680 сом, жалпы сумма-3000 сом акча каражаты сарпталды.

7. ЭББРдин долбооруна документтери кайрадан даярдалып жөнөтүлдү.

 

Апрель айында аткарылган жумуштар.

1. Исфана шаар  аймагында өткөрүлгөн аскердик машыгуулар өткөрүлүп, коюлган бардык талаптар аткарылды.

2. Бишкек шаарында ЕБРР банкы менен кредиттик жана гранттык келишимдерге  кол койулду.

3. «Токтогул» мектебинин артындагы сайдагы сел чыгарып таштаган суу түтүгүнүн трубасы койулду.

4. Туракулбой Ата көчөсүндөгү 200 мм азбес труба менен задвижка жылдырылды. 2200 сом акча каражаты сарпталды.

5. Лейлек мамлекеттик админстрациянын имаратынын аймагындагы суу түтүгү оңдолду.

6. МКР 1де скважинанын трансформатору күйүп калгандыгына байланыштуу, спонсордун жардамы менен кайра орнотулду, тепло реле алынып берилди. 1200 сом акча каражаты сарпталды.

7. Чимгендин элинин арызынын негизинде, көчөдөгү суу түтүгү ондолду.

8. Минбай Жалилов көчөсүнүн ДЭУ ишканасынын алдындагы сайдан өткөн суу түтүгү оңдолуп берилди.

 

Май айында аткарылган жумуштар.

1. Восточный көчөсүнүн суу түтүгүнө оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү.

2. Кошмуратов, Бозогул участкасында суу түтүгү тешилгендигине байланыштуу оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү.

3. 8-май күнү Жайлоого катуу жамгыр, мөндүр жаап, саат 1630да сел болду. «Исфана таза суу» муниципалдык ишканасына караган Тегирменти – Исфана суу түтүгүнүн, Даана участкасынан жана Ай-Көл участкасынан 200 мм трубанын – 16 метр жерин сел бузуп агызып кеткен. Голбо айылынын Эчки-Башы участогунан 100мм азбес суу түтүгүнүн – 250 метр жерин, Чынар – Сай участогунан 200мм темир суу түтүгүнүн  – 22 метр жерин, Бозогул участкасынан 160мм пластмасса суу түтүгүнүн – 16 метр жерин агызып кеткен. Жалпы чыгым:

Даана участкасы d–200мм-24м=1метр х 2333сом=55992 сом

Эчки башы участкасы d–100мм–250м=1метр х 1500сом=375000 сом

Чынар Сай участкасы d–200мм–24м=1метр х 2333сом=55992 сом

«Исфана таза суу» муниципалдык ишканасын жалпысынан 502992 (беш жуз эки мин тогуз жуз токсон эки) сом чыгымга учуратты.

9-майдан баштап, таза суу түтүктөрүнүн сел алган жерлерин 26-майга чейин оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү, буга өтө көп каражат жумшалды. Трубанын ичине таш, кум толуп калгандыгына байланыштуу, Ай-Көлдөн – Исфанага чейинки аралыкта, ар 10 метрден кийин трубалар ачылып тазаланды, сынган трубалардын ордуна жаны труба  койулду. 270 литр солярка, 80 литр бензин, Ай-Көл участогуна, 16 метр 200мм темир труба алынды. 16метр х 2000сом=32000(оттуз эки мин) сом карызга, Даана участкасын 8метр 200мм азбес труба, 8метр х 1000сом=8000(сегиз мин) сом, Чынар Сайга 22 метр 200мм темир труба, 22метр х 2000сом=44000 (кырк торт мин) сомдук темир труба койулду. Бөзөгүл участкасына 160мм 16 метр пластмасса, 16метр х 1750сом=28000(жыйырма сегиз мин)сом чыгаша болду. Голбо участкасынан 150мм азбес труба таш тыгылып, 6даана х 4метрден=24метр труба алмашылды. 4метр труба 1500сомдон алынды. Темир трубаларды койууда сварщик жалдап иштеттик, 4-кун сваркага ток жок болгондуктан, движок арендага алып иштетилди, сел алган жерлерде жумушчулар дем алуусуз иштешти, элге суу жеткирилип берилди. МКР-1ге кээ бир күндөрү элге водовоз менен суу жеткирилип берилди. 1рейсине 1000 сомдон жеткирилди. Ошондуктан, май айынан, суу ичкен кожолуктар суу келген жок деп суунун төлөмүн май айына төлөбөй койушту. Бул боюнча акт түзүлүп, мэрияга берилди. Жалпы эмгек акынан сырткары, материалга 106740(бир ж уз алты мин жети жуз кырк) сом сарпталды, бирок акчасы бериле элек, төлөп беребиз деп карызга алынган.

Селдин кесепетинен Голбо айылы, МКР-2, Пилол,Пулон, Торокулбой –Ата көчөлөрүнө ичүүчү суу май айында 15-16кун берилбей калды.

 

Июнь айында аткарылган жумуштар.

1. Башкы мечиттин астынан труба жарылып, суу чыгып, Токтогул мектебинен кеткен көчөгө агып чыгып, жол коопсуздугун жараткандыгына байланыштуу, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү. Сарпталган акча каражаты – 1700сом болду.

2. Чимген, Салкын-Төрдөн суу түтүгүнүн Пост ГАИнын алдынан тешилгендигине байланыштуу, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирүүдө 2500сом акча каражаты сарпталды.

3. Кошмуратов көчөсүндөгү этаждуу үйлөрдүн  алдындагы көчө түтүгү ремонттолуп, 1700 сом акча каражаты сарпталды.

Тегирменти-Исфана суу түтүгүнүгүн башы, тосмолору (ограждениясы) ондолду, 1200сомго зым жана 3-4даана стойка алып койулду.

МКР-2ге, Детсад, 60 жылдык жана этаждуу үйлөрдүн алдындагы суу түтүктөрү тешилгендигине байланыштуу, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү, чыгымдалган каражат: шланг 32мм-16метр х 45сом = 720 сом, хомут 32мм-10даана х 30сом=300сом, 5даана 25мм х 35сом =175 сом,  шланг 200мм 14метр х 25сом=350сом, изолента 4даана х 50сом= 200сом.  Жалпы чыгаша – 1745(бир мин жети жуз кырк беш) сом. Скважинага задвижка 100мм 2даана х 5000сом =10000 (он мин) сомго койюулду.

 

Июль айында аткарылган жумуштар.

1. ЕБРР Банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп жаткан долбоор боюнча курулушуна долбоорду даярдоо үчүн женип алган  “Гудрофиль” австриялык компаниянын консультанттары келип, долбоор боюнча аткарыла турган жумуштарды, жайына барып макулдашуу иштери жүргүзүлдү.

2. Бозогул участкасындагы суу түтүгүнүн тешилген жерине оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү.

3. Исфана шаарынын Колхоз көчөсүндөгү суу түтүгү тешилгендигине байланыштуу, оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлүп, 750 сом акча каражаты сарпталды.

4. Тегирменти-Исфана суу түтүгүнүн  башында труба тешилгендигине байланыштуу, ошол труба алмаштырылды. 2500 сом акча каражаты чыгаша болду.

5. Чимген айылынын Бозогул участкасындагы көчөдөгү суу түтүгү оңдолду.

6. Жамгыр жана сел келгендигине байланыштуу Тегирменти-Исфана суу түтүгүнүн башына оңдоо-түздөө иштери жүргүзүлдү.

7. Жаштык көчөсүндө таза суунун жарылган трубасы жамалды. 600 сом акча каражаты чыгаша болду.

8. Катар Өрүк участкасында жарылган труба оңдолду. Хомут – 500сом, болт гайка – 150 сом акча каражаты чыгаша болду.

9. 2021-жылдын 19-июлунда катуу жаандан сел жүрүп, Ай – Көл участогунан өткөн трубаны  жана Чолгондон келген таза суу түтүктөрүн агызып, бузуп кетти. Токтогул мектебинин астындагы сайда сел алган жерлерди калыбына келтирүү үчүн 30 литр солярка, сварщикке – 6000 сом труба, 8метр – 1 метри 2000сомдон, 16000 сом, трубаны жеткируу учун 800 сом акча каражаты сарпталды.

10. Чолгон суусун ондоого  20 литр солярка, 8метр пластмасса труба, 225 мм 1метри – 1750 сомдон, хомут – 700 сомго, сварка – 400 сом акча сарпталды.

11. Тегирментиге барып ашар өткөрүлдү, трубаларды кумдан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

12. Сулукту суу ишканасы Исфана таза суунун Тегирменти суу түтүгүн жарып алгандыктан,  калыбына келтирилди. Акча каражаты Сулукту тарабынан төлөндү.

13. Кошмуратов көчөсүндө жарылган труба ондолду.

14. Стадиондогу скважинанын насосу жакшы иштебей калгандыктан алмаштырылды. 8000 сом акча каражаты сарпталды.

 

Август айында аткарылган жумуштар.

1. МКРдогу Ариповдун корпустун алдындагы жарылган центральный линия оңдолду.

2. Восточный көчөсүндө суу түтүгү ремонттолду. 800 сом акча каражаты сарпталды.

3. Бозогулго кеткен линия оңдолду. 30 литр солярка жумшалды.

4. Чолгон линиясы 40метр жерин, сел узуп, кайра калыбына келтирилди.

5. МКР – 1ге скважинанын трубасынын задвижкасы бузулгандыктан, 1800 сомго жаны задвижка алынып берилди.

6. Бозогул участкасында линияны электриктер жарып алгандыктан, ондоп түзөө иштери жүргүзүлдү.

7. Голбо айылындагы балдар бакчанын алдындагы центральный линия жарылгандыктан,  калыбына келтирилди.

8. Чимгендик Булактан тарткан насос күйүп калгандыктан оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бишкектен акысы 20 000 сом, жол киреси 3000 сом болду.

9. Чимгендин элине насос, ремонттоп келгиче башка насос койулуп турду. 1800 сом акча каражаты сарпталды.

10. Лесхоздогу скважинанын вентилдери ремонттолду.

11. Евро банктын проектинен келген адамдар менен 2 кун иштеп, линиялар каралып чыкты.

 

Сентябрь айында аткарылган жумуштар.

1. Проекттин документтерин даярдоо үчүн Ошко барып келдик.

2. Кошмуратов көчөсүндөгү жарылган корпустардын суусуна оңдоо иштери жүргүзүлдү.

3. МКР – 2деги резервуардын ичиндеги задвижка бузулуп, ремонттоо иштери жүргүзүлдү.   1100 сом акча каражаты сарпталды.

 

“Исфана таза суу” МИнын  башчысы:

А. Каримов