Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)

2021-жылдын 27 - октябры № 4

Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Исфана шаар мэриясынын Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).

 

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Т. Сапаев

 

 

Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын

кезектеги VII сессиясынын 2021-жылдын

27-октябрындагы №4 токтомуна тиркеме.

 

Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө таблица

 

№

 Аталышы

Салыктын түрү

2019-2021 жылга

2022-2024 жылга

1

Жер салыгы (үлүш)

Суулу

327,67

327,67

Кайрак

48,60

48,60

Көп жылдык дарак

227,60

227,60

Чөп чабынды

24,30

24,30

Жайыт

7,7

7,7

2

Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы

Коэффицент

Кз- 1

Кз- 1

3

Тамарка салыгы

Коэффицент

Кз- 1

Кз- 1

 

Исфана шаар мэриясынын

кирешелер боюнча

башкы адиси

 

 

Ж.Абдуллаев.