Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2021-жылдын 2 - декабры № 22
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
Бюджет план,экономика жана инвестиция комиссиясынын төрагасы Т.Тургунбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап М М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылындагы жаңы курулуп жаткан балдар ойноочу футбол аянтчанын курулуш иштерин бүткөрүүгө айыл өкмөтү тарабынан кошумча түшкөн акча каражаттын эсебинен
300 000 ( үч жүз миң ) сом акча каражаты айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комитетинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: |
Р.Токтоназарова |