Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2021-жылдын 2 - декабры № 23
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күнгөй айылындагы Кескен-Дөбо участкасында жайгашкан “Кенжеакмат” жаны конушунун жана Кара-Кунгой айылына ичүүчу таза суу долбоору жөнүндө
Депутат Т.Бобушов билдирүүсун,депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтунө караштуу Кара-Күнгөй айылындагы Кескен-Дөбо участкасында жайгашкан булакты “Кенжеакмат” жаны конушунун жана Кара-Кунгой айылына ичүүчу таза суу долбоору колдоого алынсын.
2. Кара-Күнгөй айылындагы Кескен-Дөбо участкасында жайгашкан “Кенжеакмат” жаны конушунун жана Кара-Кунгой айылына ичүүчу таза суу долбоорун ишке ашыруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Муниципиалдык менчик ,жер жайыт,экология боюнча турукту комиссияга жүктөлсүн.
2. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: |
Р.Токтоназарова |