Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2021-жылдын 2 - декабры № 26
Чолпон-Ата ,Балыкты,Кушчу-Суу айылдарыынын айыл башчысы М.Жумабаевдин кайрылуусу жөнүндө
Муниципиалдык менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бобушовдун маалыматын угуп,талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата ,Балыкты,Кушчу-Суу айылдарынын айыл башчысы М.Жумабаевдин 2012-жылы спорт залга деп келген курулуш материалдары эскилиги жетип пайдаланууга жараксыз абалда болгондуктан жараксызга чыгаруу(списание кылуу)боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. Чолпон-Ата ,Балыкты,Кушчу-Суу айылдарынын айыл башчысы М.Жумабаевдин 2012-жылы спорт залга деп келген(краска-20кг,грунтовка-10кг,Уайт стирт -5кг,Олиф-5литр,Краска 3литр 2 банка,краска 2.2литр 9банка,Валик-7даана,вульканник-5даана,Шпатель-5даана,прожектор Е 40-7даана) курулуш материалдары эскилиги жетип пайдаланууга жараксыз абалда болгондуктан жараксызга чыгаруу(списание)кылуу үчүн М.Абдылдаев атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын катышуусу менен комиссия түзүлүп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун башчысы Ө.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет комитетинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: |
Р.Токтоназарова |