Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 4- сессиясы
2021-жылдын 2 - декабры № 27
Чолпон-Ата айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603), “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык иштелип чыккан муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобону, мониторинг жана баалоо тобунун курамын карап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап,
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Айыл тургундары үчүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында төмөндөгүлөр бекитилсин:
- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси жана алардын стандарттары
- биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо бекитилсин.
- биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төмөндөгү курамы бекитилсин.
Комиссиянын төрагасы
Асакеев Жумашалы-депутат
Комиссиянын мүчөлөрү
1. Бобушов Темирлан-депутат Кара-Кунгой айылы
2. Исаевва Гүлбайра-депутат Ак-Тектир айылы
3. Куттубай уулу Малтабар- депутат Мазар-Суу айылы
4. Конушбаева Кенжекан-депутат Ак-Тектир айылы
5. Чокоев Руслан- Чолпон-Ата айылынын тургуну
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине кирген кызматтарды стандарттарга ылайык керектөөчүлөр чөйрөсүндө көрсөтүлүшү камсыздалсын.
3. Жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында көрсөтүлгөн кызматтар, аларды уюштуруу, курулуш иштери жана башка иштер боюнча муниципалитетте болуп турган чыныгы абал жөнүндө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун сунуштары эске алынсын жана чечүү жолдору иликтенип, бул багытта иш аракеттер жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Чолпон-Ата айыл аймагыынын башчысы Ө.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомду мыйзамда караалган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсун тиешелүүлүгүунө жараша жөнөтүү жооптуу катчы Д.Турумкуловага милдеттендирилсин
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (Ж.Асакеев) тапшырылсын.
7.4. Бул токтом Cholponata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Абдылдаев айылдык кеңешинин төрайымы: |
Р.Токтоназарова |