Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2021-жылдын 26 - октябры № 14

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги №14/7-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги ар түрдүү маселеде,Жаңы Сырт айылынын 1-2-3-4-5-6 сандуу көчөлөрүгө ат коюу боюнча чечим кабыл алынып,жогорку органдарга бекитип берүү сунушталган.Жаңы Сырт айылынын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп,кээ бир сын-пикирлер, суроо талаптар жана сунуштардын негизинде 1-көчө Үч терек көчөсү,2-көчө Апсамат Масалиев көчөсү, 3-көчө Чынгыз Айтматов көчөсү, 4-көчө Достук көчөсү, 5-көчө Кыргызстан көчөсү жана 6-көчө Кош кашат деп маселе айыл ичинде бир нече жолу талкууланып, кайрадан жалпы эл жыйын өткөрүп, протокол кабыл алынган.Жаңы Сырт айылынын жашоочулары 2021-жылдын 22-октябрындагы жалпы жыйынынын протоколуна ылайык, түшкөн арыздын негизинде Жаңы Сырт айылынын көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Бирлик айылдык кеңеши 2015-жылдын 21-апрелиндеги №14/7-4 токтомуна өзгөрттүү төмөндөгүдөй киргизилсин:

 

2. Бирлик айыл аймагынын Жаңы Сырт айылынын 1-2-3-4-5-6 сандуу көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүп төмөнкүдөй Үч Терек,Апсамат Масалиев,Чыңгыз Айтматов,Достук,Кыргызстан,Кош Кашат аттары берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Бирлик айылдык кеңешинин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бирлик айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

С.Каламов