Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2021-жылдын 26 - октябры № 15

Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2015-жылдын 21-апрелиндеги №14/7-4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Күн тартибиндеги ар түрдүү маселеде, Ынтымак айылынын 15-16-17-18 сандуу көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүү боюнча чечим кабыл алынып,жогорку органдарга бекитип берүү сунушталган. Ынтымак айылынын көчөлөрүнүн аталыштарын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп,кээ бир сын-пикирлер, суроо талаптар жана сунуштардын негизинде 15-көчө Олжош көчөсү,16-көчө Эрмек ажы көчөсү, 17-көчө Варган көчөсү жана 18-көчө Жапар ажы көчөсү деп маселе айыл ичинде бир нече жолу талкууланып, кайрадан жалпы эл жыйын өткөрүп, протокол кабыл алынган.Ынтымак айылынын жашоочулары 2021-жылдын 18-октябрындагы жалпы жыйынынын протоколуна ылайык, түшкөн арыздын негизинде Ынтымак айылынын көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүү жөнүндөгү сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Бирлик айылдык кеңеши 2015-жылдын 21-апрелиндеги №14/7-4 токтомуна өзгөртүүлөр төмөндөгүдөй киргизилсин:

 

2. Бирлик айыл аймагынын Ынтымак айылынын 15-16-17-18-сандуу көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүп төмөнкүдөй Олжош,Эрмек ажы,Варган, Жапар ажы аттары берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Бирлик айылдык кеңештин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Бирлик айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

С.Каламов