Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 26 - октябры № 19
Бирлик айыл аймагында Жал айылынын Аэропорт участкасындагы газ түтүкчөлөрүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун балансына кайтарымсыз өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселеде, Бирлик айыл өкмөтүнүн Аэропорт участкасындагы тургундарын табигый газ менен камсыз кылуу максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Жал айылындагы Аэропорт участкасындагы 867 метр газ түтүкчөлөрүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнун балансына кайтарымсыз өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Каламов |