БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2021-жылдын 26 - октябры № 21
Бирлик айыл өкмөтүнүн Ормош айылындагы А.Шамурзаев жана Чечме айылындагы 1-май орто мектептеринин жерлери ижара мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө
Күн тартибиндеги ар түрдүү маселеде, Бирлик айыл өкмөтүнүн Ормош, Чечме айылдарнынын мектептеринин жерлерин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Ормош айылынын А.Шамурзаев жана Чечме айылынын 1-май орто мектептеринин жерлери өздөрүнүн көмөкчу чарбасына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
С.Каламов |