Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 75/20-27
Бирдик айыл аймагында жер участокторун которуу жөнүндө
Бирдик айыл аймагында контур №3, №13 жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүндөгү жалпы аянты 5,0 га болгон жер тилкесин которуу жөнүндөгү дайындалган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун котроуу (трансформациялоо) татриби жөнүндө” убактылуу жобосунун жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (транформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 13 беренелерине ылайык Бирдик айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Бирдик айыл аймагында контур № 3 аянты 2,10 га жана контур 13 аянты 2,90 га, жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы “жайыт” түрүндөгү жалпы аянты 5,0 га болгон жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, индустриалдык-логистикалык борборлорду куруу максатында которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик админгистрациясына бекитүүгө жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирдик айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына жана Бирдик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Бирдик айылдык кеңештин төрагасы |
Щ.Мусахунов |