Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-июлу № 79/21-27
Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин орто мөөнөттүү көрүнүшүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин орто мөөнөттүү көрүнүшүн карап чыгып
токтом кылат:
1. Бирдик айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Кыдырманованын “Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттин орто мөөнөттүү көрүнүшүн бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көрүнүшү – 5060,4 миң сомго(анын ичинде жергиликтүү бюджет-2558,8 миң сомго, теңештирүү грантты-2501,6 миң сомго) бекитилсин.
3. 2022- жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көрүнүшү – 5265,7 миң сомго(анын ичинде жергиликтүү бюджет-2564,1миң сомго, теңештирүү грантты-2701,6,0 миң сомго) бекитилсин.
4. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көрүнүшү – 5468,9 миң сомго ( анын ичинде жергиликтүү бюджет- 2567,3 миң сомго, теңештирүү грантты -2901,6 миң сомго) бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Щ.Мусахунов |