Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 22-январы № 85/23-27

2021-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүштүрүү жөнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык Бирдик айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы А.Кыдырманованын “Мамлекеттик кызмат” жана “Турак жай” бѳлүмдѳрүнѳ 2021-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүүштүрүүсү жөнүндѳ маалыматын угуп жана талкулап Бирдик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл ѳкмѳтүнүн адистерине компьютерлер менен иштѳѳдѳ зыян келтирилгендиги үчүн эсептѳѳлѳр боюнча эмгек акыга 15%-25% жѳлѳк пул 11 айга бекитилсин:

 

2111–беренесине-239,1миң сом;

2121- беренесине -41,3 миң сом;

Баардыгы: 280,4миң сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиянына жүктѳлсүн.

 

Тѳрагасы:

 Щ.Мусахунов