Загрузка документа…
БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-январы № 86/23-27
2021-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүштүрүү жөнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 беренесине ылайык Бирдик айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы А.Кыдырманованын “Мамлекеттик кызмат”, “Турак жай коммуналдык”, “Социалдык коргоо” бѳлүмдѳрүнѳ 2021-жылга бюджеттин бош калдыктарын бѳлүштүрүүсү жөнүндѳгү маалыматын угуп жана талкулап Бирдик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Мамлекеттик кызмат” бѳлүмүнѳн бюджеттин бош калдыктарынан автаунаа алууга акча каражаты бекитилсин:
3112-беренесине-620,0 миң сом
2. ”Мамлекеттик кызмат” бѳлүмүндѳгү кызматкерлерге киреше планынын аткарылышы менен “Нооруз” майрамын майрамдоого жалпы айлык эмгек акы менен сыйлык бекитилсин
2111-беренесине-141,3миң сом
2121-беренесине-24,4 миң сом
Баардыгы:165,7миң сом
3. ”Мамлекеттик кызмат” бѳлүмүндѳгү кызматкерлерге киреше планынын аткарылышы менен “Жергиликтүү ѳзүн ѳзү башкаруу”майрамын майрамдоого жалпы айлык эмгек акы менен сыйлык бекитилсин
2111-беренесине-141,3миң сом
2121-беренесине-24,4 миң сом
Баардыгы:165,7миң сом
4. Бош калдыктагы негизги акча каражатынан дагы башка кызмат кѳрсѳтүүнү алуу үчүн жана проектерге баштапкы тѳлѳмдѳрдү тѳлѳп берүү үчүн( бѳлуштургѳндѳ акча каражатынын жетпегендигине байланыштуу) “Турак жай”бѳлүмүнѳ акча каражаты бекитилсин:
2215–беренесине- 212,5миң сом;
3111- беренесине – 200,0 миң сом;
Баардыгы:412,5миң сом
5. Бош калдыктагы негизги акча каражатынан дагы башка кызмат кѳрсѳтүүнү алуу үчүн( бѳлүштүргѳндѳ акча каражатынын жетпегендигине байланыштуу) “Социалдык коргоо”бѳлүмүнѳ акча каражаты бекитилсин:
2215–беренесине- 166,8миң сом;
Баардыгы: 166,8 миң сом.
6. Бош калдыктагы атайын акча каражатынын эсебинен дагы башка кызмат кѳрсѳтүүнү алуу үчүн “Турак жай” бѳлүмүнѳ акча каражаты бекитилсин:
2215–беренесине- 33,7миң сом;
Баардыгы: 33,7 миң сом.
7. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Тѳрага: | Щ.Мусахунов |