Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 22-январы № 87/23-27

"БСРди капиталдык оңдоо жана тазалоо" долбоорун ишке ашырууга каражат бөлүү жөнүндө

Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Байдовлетовдун сунушун угуп “Бирдик айылындагы БСРди капиталдык ремонттон өткөрүү жана тазалоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым түрүндө каражат бөлүү жөнүндө, Бирдик айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Бирдик айыл өкмөтүнө “Бирдик айылындагы БСРди капиталдык ремонттон өткөрүү жана тазалоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым түрүндө каражат бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирдик айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага:

 Щ.Мусахунов