Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 22-январы № 88/23-27

Жеке агрономдун кызматына прейскурант бааларын бекитүү

Бирдик айыл аймагындагы экспортго өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын сапатынын потенциалын жогорулатуу максатында, ошондой эле мамлекеттик-жеке агрономдорду колдоо менен кызмат көрсөтүүгө прейскурант бааларын Бирдик айыл аймагынын зыянсыздандыруу боюнча карантиндик объекттерди жана материалдардын (айыл чарба жерлери, бактар, кампалар, техникаларды жана башка) баасын бекитүү боюнча Бирдик айыл өкмөтүнүн Жер жана турак жай боюнча башкы адисинин маалыматын угуп Бирдик айыл кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бирдик айыл аймагындагы жеке агрономдун бир үй жанындагы жер тилкесине 800 дөн 1500 гө чейинки баалардын прейскуранты бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирдик айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

 Щ.Мусахунов