Редакцияот 22.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 22-январы № 89/23-27

“2018-2023-жылдарга жергиликтүү аймактын толукталган жана өзгөртүлгөн стратегиялык планын жана 2021-жылдан 2022-жылдарга чейин Бирдик айыл аймагынын инвестициялык планын бекитүү жөнүндө”

Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Байдовлетовдун “2018-2023-жылдарга жергиликтүү аймактын толукталган жана өзгөртүлгөн стратегиялык планын жана 2021-жылдан 2022-жылдарга чейин Бирдик айыл аймагынын инвестициялык планын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап Бирдик айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.К.Байдовлетовдун “2018-2023-жылдарга жергиликтүү аймактын толукталган жана өзгөртүлгөн стратегиялык планын жана 2021-жылдан 2022-жылдарга чейин Бирдик айыл аймагынын инвестициялык планын бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

2. Бекитилсин;

2018-2023-жылдарга жергиликтүү аймактын толукталган жана өзгөртүлгөн стратегиялык планы жана 2021-жылдан 2022-жылдарга чейин Бирдик айыл аймагынын инвестициялык планы.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы Бирдик айылдык кеңешинин каржы боюнча туруктуу комиссиянына жүктѳлсүн.

 

Тѳрага:

 Щ.Мусахунов