БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-январы № 90/23-27
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча келишимин бекитүү жөнүндө
Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.Байдовлетовдун маалыматын угуп талкуулап, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Бирдик айылдык кеңеш
Токтом кылат:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн статистикалык маалыматтарды чогултуу боюнча келишими бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы М.Байдовлетовго жүктөлсүн.
Бирдик айылдык кеңештин төрагасы |
Щ.Мусахунов |