Загрузка документа…
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылышынын 2 сесиясы
2021-жылдын 22 - майы № 5
Муниципалдык менчикке алуу жана менчикке берүүгө уруксат берүү жөнүндө
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысынын 28.04.2021-жылдагы №01-15/142 кайрылуу катын, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 14.11.1997-жылдагы №85 чечимин, Кадастр м/м-нин 08.02.2021-жылдагы № 01-16/43 корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13,25,27, 31 беренелерине “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзун –өзу башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чангыр-Таш айылындагы А.Батыровко дүкөн курууга берилген 0,03га жер аянтын сатып ала тургандыгына байланыштуу оболу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Мыйзам чегинде пайдаланууга берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Матиевке жүктөлсүн
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Караев |