Загрузка документа…
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2 сесиясы
2021-жылдын 22 - майы № 6
2021-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн иш чаралары боюнча 2021-жылдын 4 айынын жыйынтыгы менен өткөрүлгөн отчетунун протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин чыгашы булактарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кара-дарыя айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын протоколун карап чыгып, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Тешебаевтин билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Дарыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын чыгашала сметасына төмөнкүдөй тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин: 2021-жылдагы 3-4 кварталынан 70111-башкаруу бөлүмүнүн 22154900-статьясынан 550,0 миң сом акча каражаты, 70911 балдар бакча бөлүмүнүн 2218-статьясынын 3-4 кварталына 200,0 миң сом жана 31112290-статьясынын 3-4 кварталына 300,0 миң сом, 70629 Коммуналдык чарба бөлүмүнүн 2221- статьясына 50,0 миң сом жылдырылсын.
2. 2021-жылга бекитилген бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Матиевке жана ФЭБ башчысы Т.Абдозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү айылдык кенештин катчысы Жантороева Чынара Кадаярбековнага милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Караев |