КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 6-сесиясы
2021-жылдын 19 - августу № 27
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылында жайгашкан “Көпөлөк” мектепке чейинки мекемесинин аймагына кошумча имарат курууга жер бөлүү жөнүндө
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы “ Көпөлөк мектепке чейинки билим берүү мекемесине кошумча имарат куруу боюнча ата-энелердин арызы, айыл өкмөтүнүн Жер комиссиясынын берген сунушунун, отурумунун, протоколунун негизинде Кара-Дарыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы “Көпөлөк мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аймагынан, негизги имараттын түштү тарабынан узуну15 метр туурасы 8метр жалпы аянты 120чарчы метр жер аянты бөлүнүп курулуш курууга уруксат берилсин.
2. Куруулучу кошумча имаратка керек бөлүүчу иш кагаздарын райондук ”Кадастр” мекемесине барып, мекеменин мам. Актысына өзгөртүү киргизүү жана райондук архитектура бөлүмүнө барып бүтүрүү жагы ишеним каттын негизинде мекеменин директору Караева Салимага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары С. Тешебаевке милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы |
У. Абдыгапаров |