Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 6-сесиясы

2021-жылдын 19 - августу № 31

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Төш айылындагы Үчкөчө участкасындагы айыл аймагынын Төш айылынын жашоочуларынын күндөлүк тиричилик иштеринде пайдалануу үчүн ачылган көчөгө айыл тургундарынын жашоочуларынын кайрылуусу, макулдук каты, жалпы чогулушунун токтомуна жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына негизденип, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Дарыя айыл аймагынын Төш айылы Үчкөчө участкасындагы Амираев Гапардын үйүнөн башталган жана ачылган көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Эмгек ардагери Полотов Тойчунун ысмы коюлсун.

 

2. Жаныдан аты ыйгарылган Полотов Тойчу көчөсүнө көрнөк орнотуу, көчөнү дайыма оң абалда кармоо маркумдун туугандарына жана балдарына жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төш айылынын айыл башчысы Урбаев Латипжанга милдеттендирилсин.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 У. Абдыгапаров