Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 6-сесиясы

2021-жылдын 19 - августу № 32

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

Кара-Дарыя айыл аймагынын турак жайга муктаж жашоочуларынын арыздарынын негизинде жана Чаңгыр-Таш айылында 20.07.2021-жыл каттуу жааган жаандан кийинки селден жабыр тарткан айыл тургундарын турак жай жана социалдык объектилер менен камсыз кылуу максатында тандалган айыл чарба жер аянттарын калктуу конуш категориясына которуу боюнча даярдалган материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13- беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жерлерди которуу (трансформациялоо) тартиби жөндөгү убактылуу жобону бекитүү тууралуу” № 169 токтомуна негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чаңгыр-Таш айылынын Адыр участкасынын кайракы жерлерден төмөнкү контурлардан №1534 контурдан 6,5га, 1537 контурдан 6,2га, 1676 контурдан 10,60га, 1679 контурдан 1,2га, 1675 контурдан 4,5га, 1678 контурдан 1,0га бардыгы 30,га, 1679 контурдан 3,0га жана 1678 контурдан 2,0га бардыгы болуп 5,0га жер аянты социалдык объектилерди куруу үчүн айыл чарба багытындагы жалпы 35,0 га мамлекеттик менчиктеги жер аянтына калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.

 

2. Жогорудагы жер аянттарына түзүлгөн башкы план Айылдык Кеңештин сессиясында бекитилсин.

 

3. Калктуу конуштар категориясына киргизуу үчүн тандалган жер аянттарына Мам, акт алуу үчүн Сузак райондук “Кадастр” мекемесинин филиалына жиберилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 У. Абдыгапаров