Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 5-сесиясы

2021-жылдын 2 - июлу № 13

Кара-Дарыя айылында жаныдан курулуп жаткан балдар бакчасына айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу жөнүндө

Кара-Дарыя айылында жаныдан курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушуна райондук өнүктүрүү фонду эсебинен бөлүнгөн акча каражатына айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын 02.07.2021-жылдагы № 187 кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Дарыя айылында жаныдан курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушуна райондук өнүктүрүү фонду эсебинен бөлүнгөн акча каражатына айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын 02.07.2021-жылдагы № 187 кайрылуусунун негизинде өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети эсебинен 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

 

2. 2021-жылга бекитилген бюдлжеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жана ФЭБ башчысы Т.Алдозовго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтом юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысы Жантороева Чынара Кудаярбековнага милдеттендирилсин.

 

Эл депутаттарынын

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

У.Абдыгапаров