КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 5-сесиясы
2021-жылдын 2 - июлу № 15
Кара-Дарыя айыл аймагындагы№18 А. Караев орто мектебинин район- дук, областык сынактарда женген бий тобун “Ысык –Көл досторун чакырат-2021” эл аралык конкурсуна жөнөтүү жөнүндө
Кара-Дарыя айылындагы № 18 А.Караев атындагы жалпы билим берүүчу орто мектептин музыкалык жетекчисинин кайрылуусун карап чыгып Кара-Дарыя айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Дарыя айылдык аймагындагы №18 А.Караев орто мектебинин окуучуларынын бий тобу райондук, областык сынактарда женуучу аталып “Ысык-Көл досторун чакырат-2021” аттуу эл аралык конкурска жолдомо алгандыгына байланыштуу Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 13 окуучуга барып келүү, жатакана жана 3 маал тамактануусуна- 50 (элуу) мин сом бөлүнсүн.
2. Ушул токтом юстиция тарабынан каттодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин катчысы Жантороева Чынара Кудаярбековнага милдеттендирилсин.
3. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Абдөзовко милдеттендирилсин.
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Абдыгапаров |