Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 5-сесиясы

2021-жылдын 2 - июлу № 17

Кара-Дарыя айыл аймагында Айт майрамдарын майрамдоо жана маркумду акыркы сапарга узатууудагы ыксыз чыгымдарды азайтуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 36-беренесинин 1-2 п. жетекчиликке алып, айыл тургундарынын демилгеси менен имамдардын жана айыл жамаат бийлеринин 25.06.2021-жылдагы жалпы чогулушунун токтомдорунун негизинде Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Дарыя айыл аймагында Курман айт, Орозо айт майрамдары бардык жамааттарда мындан кийин салтанатту майрам катары белгиленсин.

2. Курман айтка чейин айыл тургундарынын арасында айт күндөрүн аза күтүү катары эмес, майрам катары өткөрүү, өлүм болгон жерде союш союп, батачыларды күтүүгө даярданбоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү колго алынсын.

3. Айт намазы окулгандан кийин имамдар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маркум өткөн үйлөргө чаркылбагандан кийин барбастан жер-жерлерде уюштурулуп жаткан спорттук маданий иш чараларга баруу түшүндүрүлсүн.

4. Мындан кийин Чангыр-Таш айылынын жашоочуларынын баштаган демилгесин колго алынып, жамандык болгон үй-бүлөдө маркумдун акыркы сапарга узатуу мааракесинде уй, жылкы союлбасын, биринчи бейшембиси менен кошо кырктыгы белгиленип өткөрүлсүн.

5. Кара-Дарыя айылдык кеңешинин ушул токтомуна баш ийбей өзүм билемдик кылган айыл тургундарына 20000 ( жайырма) миң сом айып пул салынсын.

6. Токтомдун аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлгөө алуу жагы Кара-Дарыя өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У.Абдыгапаров