Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин кезектеги VIII чакырылышынын 5-сесиясы

2021-жылдын 2 - июлу № 18

Канды айылынын мүрзөсүнүн аймагын Кенейтүү жөнүндө

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Канды айылынын жашоочуларынын арызы, айыл аймагынын Жер комиссиясынын сунушу, Жергиликтүү өзүн –өзү башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тиешелүү беренелерине негизденип, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Канды айыл Адыр участкасында жайгашкан жамааттык мүрзөгө бөлүнгөң жер толуп калгандыктан, мүрзөнүн аймагын кенейтүү максатында анын түндүк батыш тарабынан жайыт жерден 0,80га жер аянты кошуп берилсин.

 

2. Мүрзөнү кенейтүү үчүн бөлүнгөн жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча кайрылуу рай. Мам. Админстрацияга “ Кадастр” мекемесине жөнөтүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Жерге жайгаштыруучу адиси-Т. Исмаиловко милдеттендирилсин.

 

Кара-Дарыя айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У.Абдыгапаров