КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 5-сесиясы
2021-жылдын 2 - июлу № 19
Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы кирешелер жана чыгашалар сметасына 2021-жылдын 6-айынын жыйынтыгы менен өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Финансы Министрлигинен Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2021-жылгга бекитилген 11111100 Салык агенти төлөөчу киреше салыгы беренеси боюнча салыктын 6 айдын жыйынтыгы менен аталган салыктын бекитилген планы көбөйтүлгөндүгүн эске алып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы кирешелер планы 6 айдын жыйынтыгы менен киреше салыгынын бекитилген планы ашыра аткарылгандыгына байланыштуу аталган салыктын планы 615,0 миң сомго көбөйтүлсүн. Аталган киреше эсебинен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн электроэнергиядан болгон карызын төлөө максатында 70921 орто мектеп бөлүмүнүн 2231-электро энергия статьясына кошумча 500,0 миң сом, айыл өкмөтүнүн админстративдик имаратын ремонтоо үчүн 2221-статьясына 115,0 миң сом чыгашалар сметасына өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. 2021-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына кайрылуу, каражатты максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке жана Ф.Э.Б башчысы Т.Абдозовко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин катчысы Жантороева Чынара Кудаярбековнага милдеттендирилсин
Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы |
У.Абдыгапаров |