Редакцияот 21.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 21 - июну № 3-1

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын кайра шайланышына юридикалык баа берүү жагын текшерүү жана укук коргоо органдарына жолдоо жөнүндө

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Жылгын шайлоо участкасынан шайланган депутаттарынын кайрылуусунун негизинде мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп,талкуулап,сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Алимбековдун 2020-жылдык отчетун толук кандуу бербей туруп, кайра айыл өкмөт башчылыгына келишинин мыйзамдуулугуна юридикалык баа берүү жагы тийиштүү укук коргоо органдарынан суралсын.

2. Аксы райондук өнүктүрүү фондунан берилген акча каражаттары беренелери боюнча берилгендиги тууралуу текшерүү жана укук коргоо органдарына жолдонсун.

3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

Б.Төрөбеков