КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 21 - июну № 3-2
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерине аренда акысын бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерине аренда акысын бекитип берүү жөнүндө жер боюнча адис Ж.Малабаевдин билдирүүсүнүн негизинде айыл чарба жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерине аренда акысы мурдагы калыбында (80сом /Га) калтырылсын.
2. 2022-жылга Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерин иштетүү үчүн жаңы проекттер иштелип чыксын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Малабаевге жана жалпы көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Төрөбеков |