Редакцияот 21.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 21 - июну № 3-3

Кара -Жыгач—Сары-Челек автожолун асфальттоо башталганына байланыштуу комиссия түзүү жөнүндө

Кызыл-Туу өкмөтүнө караштуу Жылгын айылындагы Кара-Жыгач—Сары-Челек автожолунун асфальттоо жумуштары башталганына байланыштуу экологиялык абалын, жергиликтүү жумуштарын көзөмөлдөө багытта социалдык,билим берүү,спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп ,талкуулап сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

Кара-Жыгач—Сары-Челек автожолунун №12 жол тейлөө мекемеси тарабынан асфальттоо жумуштары узундугу 1275 метр жолду асфальттоо иштери башталганына байланыштуу экологиялык, жергиликтүү жумуштарын көзөмөлдөө багытта, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин убактылуу комиссиясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1. Шерматов Урмат---- депутат, комиссиянын төрагасы;

2. Шеркулов Келсинбек---- депутат , мүчөсү;

3. Бапаева Асылкан ----- депутат, мүчөсү;

4. Атабеков Тургунбек ---- депутат, мүчөсү;

5. Рыспаев Сапарбек --- Кызыл-Туу а/ө өзгөчө кырдаалдар жана экология б-ча адис,мүчөсү;

6. Малабаев Жээнкул ----- Кызыл-Туу а/ө жер боюнча адис,мүчөсү;

7. Өмүрбеков Акбар ----- Жылгын айылынын айыл башчысы,мүчөсү;

 

2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар жана экология боюнча адис С.Рыспаевке, көзөмөлдөө жагы социалдык,билим берүү,спорт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясы төрагасы У.Шерматовго жана ТКнын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Төрөбеков