КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2021-жылдын 24 - майы № 2-2
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык жана Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында , КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жетекчиликке алуу үчүн берилген Айылдык кеңештин Типтүү регламентинин негизинде түзүлгөн Кызыл-Туу айылдык кеңешинин регламентин талкуулап, сессия токтом кылат :
1. Кызыл-Туу айылдык кеңештин регламенти бекитилсин.
2. Бул токтомду расмий сайтка жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы кеңештин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары Д.Шатманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Төрөбеков |