КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы
2021-жылдын 24 - майы № 2-3
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-берененсинин 1-1 пунктуна , Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңеши КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде сессия токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Шатманалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Төрөбеков |