КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29- cессиясы
2021-жылдын 19 - январы № 29-2
«Кызыл-Туу айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнөн , 2021-жылга калган калдык акча каражатын бөлүү жөнүндө» бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын киреше бөлүгүнөн 2021-жылга калган 925000(тогуз жүз жыйырма беш мин) сом калдык акча каражаты төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
- Батырбек көчөсүнө “Кичи футболдук аянтча куруу долбоору» -дем берүүчү грантка өздүк салым үчүн -150 (бир жүз элүү миң) сом:
- Кассанын накталай акчанын көлөмү-175 (бир жүз жетимиш беш мин) сом:
- Аркыт айылына спорт зал салууга смета даярдоо үчүн -80 (сексен мин) сом:
- Маданият үйүнө аккардион жана комуз сатып алуу үчүн- 60 (алтымыш мин) сом:
- С.Айтиев атындагы орто мектепке жылытуу системасына насос алуу үчүн -20 (жыйырма мин) сом :
- Э.Арстанбаев атындагы орто мектепке жылытуу системасына насос алуу үчүн 20 (жыйырма мин ) сом:
- М.Барпиев атындагы Жылгын орто мектебине жылытуу системасына насос жана электр жылыткычын алуу үчүн 40 (кырк мин) сом
- Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын айыл аймакка көчүрүү үчүн проект смета даярдоого 240.0 (эки жүз кырк мин) сом
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысыТ.Арстанбаевге милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
11. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага: | А.Шайдиев |