КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 29- cессиясы
2021-жылдын 19 - январы № 29-3
Келишим түзүү жөнүндө
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө» бюджет финансы жана мыйзамдуулук боюнча
туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Аксы райондук мамлекеттик статистика болүмү менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ортосунда “статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишим бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн шарттарды негизинде иш алып баруу эки тарапка милдеттендирисин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн
Төрага: | А.Шайдиев |