ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы
2021-жылдын 27 - октябры № 1
2021-жылга бекитилген бюджетинин чыгымдарына бөлүмдөр, беренелер аралык өзгөртүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнура билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамына ылайык “Мамлекеттик сатып алуулар” порталына жарыя берүүдөн үнөмдөлгөн:
- 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 2215-беренесиндеги 75,0 миң сом, 70911-бала бакча бөлүмүнүн 3111-имараттар жана курулмалар беренесине – 52,0миң сому, Орто-Сай айылындагы бала бакчага кудук курууга жылдырылсын;
- 70921-билим берүү бөлүмүнүн 3111-беренесине – 23,0 миң сому, А.Тажибаев атындагы орто мектептин терезелерин пластикке алмаштырууга жылдырылсын;
- 701-башкаруу бөлүмүнүн 2214-транспорттук кызматтар беренесиндеги 30,0 миң сом, ушул эле бөлүмдүн 2215-башка ар турдуу чыгымдар беренесине долбоорлорду ишке ашырууга архитектуралык-инженердик документтерди жасоого жылдырылсын;
2. Бюджеттин бекитилген планына өзгөртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финисы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Жылчымышев З. |