ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы
2021-жылдын 27 - октябры № 3
Турмуш-тиричилик чарбасынын коммуналдык тарифтерин жогорулатуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн Турмуш-тиричилик чарбасынын мүдүрү Калмаматова Жийдегүл билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турмуш-тиричилик чарбасынын коммуналдык тарифтерин жогорулатуу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Жалал-Абад обасттык бөлүмү менен жаңы кабыл алынган тарифтердин мыйзамдуулугу макулдашылсын.
3. 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап жаңы тариф боюнча эсеп жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Жылчымышев З. |
| Ленин айылдык кеңешинин VII-сессиясынын № 3-токтомуна № 1-тиркеме |
Турмуш-тиричилик коммуналдык муниципалдык ишканасы.
Таза-суу жана таштанды.
ТАРИФ
Колдонуучулар | Эски сумма | Жаңы сумма | Кошулган сумма |
Короодон ичкендер | 150 | 200 | 50 |
Көчөдөн ичкендер | 100 | 150 | 50 |
Бюджеттик мекемелер | 0 | 0 | 0 |
Скважинадан суу алуу | 0 | 0 | 300 |
Өрт өчүрүүгө суу алуу | 0 | 0 | 0 |