ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 24 - сентябры № 1
Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы билдирүү жасады.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине ылайык кызмат көрсөтүлсүн.
2. Токтомду аткаруу айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана депутаттык этика боюнча боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Жылчымышев З. |