Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 118 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 1-сентябры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталышат),
эл аралык аренадагы иштер менен кошо техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу, эки тараптуу соода агымдарын көбөйтүү, кыргыз жана түрк керектөөчүлөрдүн ден-соолугунун коопсуздугун жана соода-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо тармагында кызматташтыкты чыңдоого чечкиндүүлүктү билдирип, соодада ашыкча тоскоолдуктардан качуунун жана эки тараптуу сооданын потенциалын күчөтүүнүн ыкмасы катары Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын эл аралык стандарттарга жана эрежелерге айкалыштыруунун маанилүү экендигин таанышып,
соодада техникалык тоскоолдуктардын пайда болушун алдын алуу үчүн механизмди түзүү жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосунда техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында түшүнүшүүгө көмөктөшүп,
техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү кызыкчылыгынан улам, төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене. Консультация жана кызматташуу механизми
Тараптар техникалык кызматташуу, коммуникация жана маалыматтарды алмашуу үчүн каналдарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Түркия Республикасынын Экономика министрлигинин ортосунда алардын компетенциясына тийиштүү тармактарда үзгүлтүксүз консультациялардын жана кызматташуунун механизмин түзүшөт.
Тараптар жогорку даражадагы Жетектөөчү комитет түзүшөт, ал негизги көйгөйлөрдү талкуулоо жана келечектеги кызматташуунун планын иштеп чыгуу үчүн туруктуу эмес негизде, кезеги менен Кыргыз Республикасында жана Түркия Республикасында жыл сайын жыйындарды уюштура алат.
Тараптар Техникалык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жумушчу топ түзүшөт, ал товарлардын коопсуздугуна жана сапатына кепилдик берүү, экспертиза жана стандарттарды, техникалык регламенттерди жана шайкештикти баалоо жол-жоболорун даярдоодо, кабыл алууда жана ишке киргизүүдө пайда болуучу соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу үчүн жооптуу болот.
2-берене. Стандартташтыруу
Тараптар төмөнкүдөй багыттарда стандартташтыруу тармагында кызматташууга макулдашышты:
1. Эки тараптуу сооданын предмети болгон товарларга карата улуттук стандарттарды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруу.
2. Стандартташтыруу тармагындагы маалыматтык технологияларды пайдалануу.
3. Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдарда бири-бирине көмөк көрсөтүү.
3-берене. Шайкештикти баалоо
Тараптар эл аралык укуктун жана милдеттенмелердин алкагында шайкештикти баалоо чөйрөсүндө өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашышты.
Тараптар ачык-айкындыкты жана маалымат алмашууну көбөйтүү, анын ичинде шайкештикти баалоо жол-жобосу тармагында көбөйтүү максатында илимий изилдөө жана өнүктүрүү тармагында жумуштук жолугушууларды, конференцияларды, жыйындарды, биргелешкен долбоорлорду уюштуруу аркылуу кызматташууга макулдашышты. Ушул контекстте Тараптар алардын сертификациялоо боюнча аккредиттелген жана/же ыйгарым укук берилген органдарынын, сыноо лабораторияларынын жана борборлорунун ортосундагы кызматташууга колдоо көрсөтүшөт.
Тараптар, өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык анын экспортунун сапатын камсыздоо же адамдардын өмүрүн же ден соолугун, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн, же алдоо практикасын алдын-алуу үчүн чараларды колдонушат.
Тараптардын ар бири импорттоо жана/же рыноктук көзөмөлдөө этаптарында аныкталган, шайкеш эмес/ коопсуз эмес продуктулар жөнүндө экинчи Тарапка кабарлашат. Тараптардын ар бири андай товарлардын берилишин жана сатылышын болтурбоо үчүн бардык алгылыктуу жана жеткиликтүү чараларды көрүшөт жана көрүлгөн тийиштүү чаралар жөнүндө экинчи Тарапка кабарлашат.
4-берене. Аккредитациялоо
Тараптар төмөнкүдөй багыттарда аккредитациялоо тармагында кызматташууга макулдашышты:
1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жаатында биргелешкен иштерди жүргүзүү.
2. Аккредиттелген же аккредитациялоодон өтө турган тармактык лабораториялардын Квалификацияны ырастоо программасына же зарыл болгон учурларда лабораториялар аралык салыштырууга катышуусуна дем берүү.
3. Маалымат технологияларын пайдалануу.
4. Тараптардын аккредитациялоо органдарынын баалоочуларын жана эксперттерин окутууга көмөк көрсөтүү.
5. Аккредитациялоо маселеси боюнча эксперттердин билимдерин жана тажрыйбаларын алмашууну уюштуруу.
5-берене. Метрология
Тараптар төмөнкүдөй багыттарда метрология тармагында кызматташууга макулдашышты:
1. Укуктук жана илимий метрология маселелери боюнча эксперттердин билимдерин жана тажрыйбаларын алмашууну уюштуруу.
2. Улуттук эталондорду калибирлөөдө активдүү кызматташуу.
3. Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды жана белгиленген эл аралык механизмдерди пайдалануу.
4. Техникалык жана консультациялык маалыматтарды, материалдарды жана публикацияларды алмашуу.
5. Биргелешкен семинарларга, конференцияларга жана окутуу курстарына катышуу.
6. Тараптардын макулдугу боюнча иштин башка түрлөрү.
6-берене. Жалпы кызматташуу
Тараптар техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, шайкештикти баалоо, аккредитациялоо жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу органдар ортосундагы кызматташууну өнүктүрүшөт жана ушул Макулдашуунун алкагында кызматташууну илгерилетүү үчүн аларга дем беришет.
Тараптар Халал сертификацияланган, продуктулар жана кызмат көрсөтүү менен өсүп келе жаткан эл аралык соода жүргүзүүгө таянып, эки тараптуу экономикалык жана соода мамилелерине көмөк көрсөтүү максатында Халал стандарттар, сертификациялоо жана аккредитациялоо тармагында маалыматтар, тажрыйба жана алдыңкы методдор менен алмашышат жана кызматташышат.
7-берене. Маалымат алмашуу
Тараптар төмөнкүлөрдү алмашууга макулдашышты:
1. Техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү мыйзамдар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо боюнча улуттук ведомстволордун публикацияларын;
2. Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо тармагындагы персоналдын жана адистердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болуучу окутуу программаларга тиешелүү маалыматтарды жана документтерди.
8-берене. Жашырындык
Эгерде Тараптардын бири алардын жашырындыгын белгилесе Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө алынуучу документтердин жана маалыматтардын жашырындыгын камсыз кылышат. Андай маалыматтар жана документтер үчүнчү Тарапка ушул маалыматтарды жана документтерди берген Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана берилиши мүмкүн.
9-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну талкуулоодо жана аткарууда Тараптардын ортосунда пайда болгон талаш-тартыш маселелер Тараптар ортосунда өз ара кеңешүү жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.
10-берене. Эл аралык милдеттенмелер
Бул Макулдашуу Тараптардын башка мамлекеттер менен стандартташтыруу, метрология жана сертификатташтыруу тармагында түзүшкөн келишимдеринен келип чыгуучу укуктарына жана милдеттенмелерине тиешеси болбойт.
11-берене. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет.
12-берене. Жыйынтыктоочу жоболор
Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлашкан акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алышкан күндөн баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып бир жылга чейин күчүндө болот жана Тараптардын бири экинчи Тарапка аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 60 күн мурдатан жөнөтпөсө, кийинки бир жылдык мезгилге өзүнөн өзү узартылат.
Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирүү жиберүү менен аны бир тараптуу тартипте токтото алат. Макулдашуу мындай билдирүү алынган күндөн баштап алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Бул Макулдашуу бузулган учурда, ушул Макулдашуунун алкагында иштелип чыккан документтердин, долбоорлордун жана программалардын колдонулушу Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
Бул Макулдашууну бузуу ушул Макулдашуу күчүндө турган учурда Тараптардын берген маалыматтарына карата жашырындык шарттарын жокко чыгарбайт.
2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер пайда болсо англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Туркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
|
Экономика министри Олег Панкратов |
| Соода министри Рухсар Пекжан |