ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2021-жылдын 16 - ноябры № 16
2721(“Элге берилүүчү женилдиктер”) статьясына кошумча 150000(бир жүз элүү миң) сом акча каражатын карап берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Койчубаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн ,”Салык агенттеринен алынуучу киреше салыгына” 150000 (бир жүз элүү миң) сом кошумча план суралсын.
3. Каралган акча каражатын 2721(“Элге берилүүчү женилдиктер”) статьясына отургузуу жагы ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Койчубаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бюджет комитетине тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |