Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы

2021-жылдын 16 - ноябры № 17

ДЭП-30 Жол тейлөө мекемесинин 2020-2021-жылдар ичинде жасаган жумуштары жана кышка карата даярдыгы жөнүндө

ДЭП-30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Т.Кенетаевдин 2020-2021-жылдар ичинде жасаган жумуштары жана кышка карата даярдыгы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII–сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. ДЭП -30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында аткарылган иштери эске алынсын .

2. ДЭП -30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2021-2022-жылга карата Үч-Терек-Өзгөрүш жолдору боюнча аткарыла турган иштеринин планы Айылдык кеңеш менен биргеликте иштелип чыксын.

3. Мындан ары ДЭП -30 Жол тейлөө ишканасына кышка карата иштерин уюшкандыкта жасоо тапшырылсын.

4. Үч-Терек айыл аймагына ДЭП-30 Жол тейлөө ишканасынын филиалын ачуу боюнча атайын сунуш берилсин.

5. Мал айдап өтүүчү жерлерге атайын белгилерди орнотуу жана жер-суу аттары орнотулуп, бирок жок болуп кеткен жерлерге кайра жаңыртып коюу жагы ДЭП-30 Жол тейлөө ишканасына тапшырылсын.

 

6. ДЭП -30 Жол тейлөө ишканасына Үч-Терек-Өзгөрүш жолунун жээгиндеги курулуштарды көзөмөлдөө жана жолдорун оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткаруу жагы тапшырылсын.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

 

9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Үч-Терек айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Дөөлөткелдиев